Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалдыЧүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалыштыМСК төрагасы Шыкмаматов Казакстандын элчиси Скаков менен жолуктуҮч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктадыПрезиденттик борт баарына ачылат: Бишкектин четиндеги авиамузей кандай болотКамсыздандыруучулардын кирешеси 35%га өсүп, пайдасы дээрлик үчтөн бирге азайды
КТРКнын башчысы Соцфондго төрага болду
18.10.2021 | 11:37
Коомдук телерадио берүү корпорациясынын мурунку директору Бахтияр Алиев Социалдык фондго башчы болду. Аны вице-премьер-министр Эдил Байсалов коллективине тааныштырган. Бул туурасында Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал КТРКга 2020-жылдын декабрынан, ушул жылдын 15-октябрына чейин директор болуп эмгектенди.
Соцфонддун төрагасы болуп Жаныбек Орозалиев май айда келип, октябрь айында жумуштан кол жууган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат