Кыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайы
Кара-Кече көмүр кенинде жер көчтү
03.11.2021 | 19:16
Алдын ала маалымат боюнча, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин боюнда бүгүн саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын 1 даана экскаваторун басып калган.

Айдоочусу жабыркаган эмес, ошол учурда унаада жок болгон.
Кырсык катталган жерде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом