23-ноябрда УКМК интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда, Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@krasty.mshn” аккаунтундагы “Тик-Ток” интернет тиркемесинин колдонуучусун тапкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган, 12 жаштагы “Т.А.Ч.” болуп чыкты.
Бул факт Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.