Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар жолду оңдоп берүүсүн талап кылышууда
09.12.2021 | 11:12
Кочкор-Кара-Кече, Дыйкан-Эпкин жолун түздөп, айдоочуларга шарт түзүп бергиле. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттин жыйынында билдирди.
Ал, “көмүр ташып жаткан айдоочулар, мага байма-бай чалып кайрылып жатышат. “Жолдор болбой калды, техниканы талкалап жатат” деп кайрылышууда. Жок дегенде жолдорун түздөп шарт түзүп берип коюшубуз керек” – деди депутат.
Ушул тапта бийлик 3 миң сомдук көмүрлөрдү жана Бишкек ЖЭБине көмүр ташып жатат. Ошондой эле жеке айдоочулар да көмүр ташып, сатуу менен алектенишүүдө. Кочкор-Жумгал жолунун абалы оор экени көптөн бери айтылып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар