Президент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдоруКыргызстан 2026-жылга карата тышкы саясий артыкчылыктарын аныктадыЖККУ мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-2026» операциясынын планын бекиттиСадыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулашты
Милиция Болот Темировду тил кат менен бошотту
23.01.2022 | 12:22
Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул туурасында 23-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов журналисттерге билдирди.
Ал ИИМдин имаратынын алдында өтүп жаткан тынчтык митингдин катышуучуларына айтып берди.
Temirov LIVE YouTube каналына “Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөөсү жарыяланган. 22-январь күнү түндө милиция кеңсесин тинтип, компьтерлерин алып Темировду кармап кеткен. Буга байланыштуу Бишкекте журналисттер, коомдук активисттер журналистке боштондукту талап кылып митингге чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат