Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат
23.01.2022 | 11:31
Жакынкы парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев басма сөз жыйында билдирди.
“Шаирбек иним менен сүйлөштүм. Бир үйдө бир эле саясатчы болсун, мандатыңды тапшырып бер деп көндүрдүм. Ал дагы макул болду. Шаршемби күнү парламентте жыйын болот, ошондо тапшырып берет. Мени саясатта туруп инимдин колдоосунун кереги жок. Мен ага деле муктаждыгым жок. Балким, мен саясаттан кеткенден кийин барса барсын” – деди Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Бул кадам коомчулукта нааразылык жаратып, ар кандай кептерге жем таштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат