Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги сунушталууда. Бул тиешелүү комитеттин жыйынында белгилүү болду.
Анын талапкерлиги боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети анын талапкерлигин колдоду.
Буга чейин бул кызматта Карыбек Дүйшеев эмгектенген. Ал өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.