БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Октябрда пенсия 50 пайызга чейин көтөрүлөт
09.03.2022 | 10:29
Кыргызстанда экономикалык абалында күн сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Социалдык фонд атайын антикризистик программаңар барбы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламентте Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге берди.
Ал эми Бактияр Алиев “ бул боюнча атайын программалар бар. Өкмөт бюджеттен акча бөлүп беребиз деп жатат. 50 пайызга чейин көтөрөлү деп атабыз. Октябр айында каралат”- деди.
Ошол эле маалда депутат буудайдын тоннасы 500 доллар болуп кеткенин айтып, атайын бул багытта тез арада чечимдерди кабыл алууга чакырды.
Пенсиянын көлөмү 1780 сомдон. Эмгек стажысына карата жогорулап кете берет. Кыргызстанда 713 миң пенсионер бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика