Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Кытайда Boeing 737 учагы тоого кулады (ВИДЕО)
21.03.2022 | 16:14
Кытайдын CCTV телеканалы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып, Кытайда China Eastern Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing 737 учагы кулап түшкөнүн билдирди.
Учак өлкөнүн Тэн уездинин Гуанси-Чжуан автономиялык районуна кулап, тоолуу аймакта өрт чыккан.
Учакта 133 адам болгон, каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Кырсык болгон жерге куткаруу кызматтары жөнөтүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар