“Тазалык” кызматынын жетекчиси иштен айдалды

15.04.2022 | 11:16

Азат Сагынов «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ишкана кызматкерлеринин митингинде билдирди.

«Азаматтын үстүнөн арыздар түшкөн Азатты жумуштан бошоттук. Бул боюнча тема жабык», – деди ал.

Анын орун басары Болот Одуракаев да кызматынан бошотулганы кабарлады Ырсалиев.

Азат Сагынов бул кызматка 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бишкек мэриясы анын кызматка дайындалганын расмий жарыялаган жок.

Scroll to Top