Бишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгарды
Бишкек: Индустарды кафеден ур-токмокко алгандар колго түштү (ВИДЕО)
11.05.2022 | 09:22
Чет элдик жарандарды ур-токмокко алган кыргыз жарандары кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин социалдык түйүндөрдө, Бишкек шаарынындагы Киев жана Үмөталиевкөчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган.
Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 280 (Бейбаштык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004 жылы туулган Б.К. атуу жарандардын өздүгү такталып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар