Орусия ЖОЖдору Украинада каза болгон аскерлердин балдарын сынаксыз кабыл алат

Орусия ЖОЖдору Украинада каза болгон аскерлердин балдарын сынаксыз кабыл алат

Орусия президенти Владимир Путин Украинадагы “атайын операция” учурунда каза тапкан орусиялык аскерлердин балдарына мамлекеттик көмөк көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Анда Украинадагы “атайын операцияга” катышкан аскер кызматкерлеринин балдарына жогорку окуу жайларында атайын квота бөлүнөрү, аларга бюджеттик орундарын 10% берилери айтылган.

Украинада мерт болгон же жаракат алган аскер кызматкерлеринин балдары ЖОЖдорго сынаксыз кабыл алынат.

Путин бул жөнүндө Кызыл аянтта өткөн парад учурунда да айткан.

Март айынын башында Путин Украинада кайтыш болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө 7,4 миллион рублдан (107 миң доллар) берилерин билдирген. Буга кошумча дагы 5 миллион рублдан (72 миң доллар) төлөнөрүн айткан.

Украинада жаракат алгандарга камсыздандыруу төлөмү менен бир жолку жөлөк пул төлөп берүүнү тапшырган. Кызмат өтөөгө жарабай калгандар үчүн төлөнүп берилүүчү жөлөк бул 2,9 миллион рубль (42 миң доллар), кошумча жөлөк бул 3 миллион долларды түзөт. Майып болуп калган учурда ай сайын компенсация төлөп берүү каралат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>