Албанияда Анкаранын өтүнүчү менен түрк ишкери Фарук Фатих Озер кармалды. Ал эки миллиард долларды — Thodex криптовалюталык биржасынын кардарларынын акчасын уурдаган деп айыпталууда.
Анын жетекчилиги астында соода платформасы күтүүсүздөн былтыр апрелде ишин токтоткон. Озер кардарларды бул техникалык көйгөй деп ишендирген, бирок тергөө учурунда ал Түркиядан ошол убакта эле качып кеткени аныкталган.
Түркиянын мыйзамдарына ылайык, криптовалютаны төлөм каражаты катары колдонууга тыюу салынган, бирок валютанын өзүн сатып алып, сата аласыз.