Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Казакстан: Жаңы шайланган президенттин ант берүү күнү белгиленди
22.11.2022 | 20:13
Казакстанга президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда болоорун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Токаевдин инаугурациясынын датасы шейшембиде Борбордук шайлоо комиссиясында белгилүү болду.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы боюнча Токаев 81,31% добуш менен жеңишке жеткен.
Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөөлөрү боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Каракат Абден – 2,6%
Нурлан Ауесбаев – 2,22%
Жигули Дайрабаев – 3,42%
Мейрам Кажыкен – 2,53%
Касым-Жомарт Токаев – 81,31%
Салтанат Турсынбекова – 2,12%
«Баарына каршы» – 5,8%.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар