ИИМ башчысы Феликс Куловго «Ак-Ордодо» эки кишини өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы тууралуу айтып берген

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «Ак-Ордо» конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы боюнча маалымат берген. Бул маалыматтарды ага ички иштер министри Улан Ниязбеков айткан. Кулов бул тууралуу өзүнүн соцтармактарына жазды.
Феликс Кулов «Ак-Ордодо» адам өлтүрүү иши боюнча шектүү кармалганын окугандай кийин, Ниязбеков менен байланышканын жана андан шектүүнү кантип табышканын сураганын билдирди.
“Министрдин айтымында, ал кылмышты иликтөө иштерин өзү жеке жетектеген. Анын билдирүүсүндө, “Коопсуз өлкө” системасында колдонулган атайын ыкчам-техникалык каражаттарды пайдалануу чечүүчү роль ойногон. Шектүү Ысык-Көл облусунан Бишкекке чейин тышкы байкоо астында көзөмөлдөнүп турган. Кармоо учурунда ал эки адамды өлтүргөнүн толугу менен моюнга алган”,- деп жазды Кулов.
Эске салсак, 3-октябрда Бишкекте эки киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Белгисиз киши «Ак-Ордо-3» конушундагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсине жана анын эжесине бычак сайган. Шектүүнүн жүзү көчөдөгү байкоо камерасына түшүп калган. Ага издөө жарыяланган. Кечээ, 7-октябрда шектүү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болду. Шектүү 19 жаштагы жигит экени аныкталып, суракка жеткирилген.