«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Уктап жаткан адамды бычактаган. Бишкекте эки адам өлтүрүлдү
06.10.2025 | 11:16
Бишкектин «Ак-Ордо-3» конушунда эркек киши жана анын эжеси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы булак кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 3-октябрдын кечинде болгон. Белгисиз киши үйлөрдүн бирине кирип, уктап жаткан үй ээсине бычак сайган. Анын аялы баланын ыйынан ойгонуп, кылмышкерди көргөн. Ал эми анын эжеси ызы-чуудан улам бөлмөгө чуркап киргенде, ага дагы бир нече жолу бычак сайылган. Ал эми үй ээсинин аялы үч баласы менен үйдөн качып чыгууга үлгүргөн. Эркек киши менен эжеси алган жараатынан улам каза болушкан. Кылмышкер качып кеткен.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аталган киши өлтүрүү фактысын тастыктады. Толук маалымат кийинчерээк бериле турганы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар