ИИМ бийликти басып алууну көздөгөндөр кармалганын айтты, Кремль үн катты

ИИМ бийликти басып алууну көздөгөндөр кармалганын айтты, Кремль үн катты

Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кыргызстанда бийликти басып алууга даярданган топтун кармалышы боюнча үн катты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазды.

Песков Россиянын күч түзүмдөрү Кыргызстандын укук коргоо органдары менен дайыма байланышта экенин, маалымат алып турарын айткан.

«Кыргызстандын жетекчилиги өлкөдө тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кыла аларына ишенебиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда ИИМ башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалганын кабарлаган.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган топтун катарында башкы прокурордун мурдагы орун басары, чет өлкөдөгү согушка катышып келген теги кыргызстандык чет элдиктер жана өлкө жарандары болгон.

Алар Бишкектин чет жакасында спорттук оюндарды жана башка мелдештерди өткөрүп, ал жактан Конституцияга каршы чакырыктарды таштап, олку-солку абал жаратып, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн күнү бийликти басып алууну пландаган.

Бул ишке шектүү катары 7 адам кармалган. Алардын кампасынан элге ичирүү үчүн 1 миң бөтөлкө арак, 2 миң бөтөлкө суу, 1 тонна күрүч, согум үчүн 1 жылкы жана башаламандыкка катышкандарга палоо даярдоо үчүн башка азыктар табылган.

Ошондой кармалгандардан курал, ок-дары табылып алынган.

ИИМ: Мурдагы прокурор, чет элдик жарандар баштаган топ бийликти басып алууну көздөгөн

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>