ИИМ «Ихсандан» жабыркагандарга кайрылуу жолдоду

ИИМ «Ихсандан» жабыркагандарга кайрылуу жолдоду

Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Бүгүн кооперативдин директорлор кеңешинин төрайымы кармалган.

Тергөө кызматы 209 (алдамчылык), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) беренелери боюнча козголгон, мүлкү жана банк эсептери камакка алынган уюмдун башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата козголгон кылмыш иштерин тергөөдө. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон доллар зыян келтирилген.

Ички иштер министрлиги жарандарды сергек болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез байыйт деген убадаларга ишенбөөгө чакырат.

«Эсиңизде болсун, олуттуу акчаны топтоо үчүн бир нече жыл талап кылынат жана бир шашылыш чечимдин натыйжасында бир эле учурда бүт сумманы жоготуп алышыңыз мүмкүн. Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсынын ишмердигинен жапа чеккен болсо, токтоосуз түрдө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469 дареги боюнча ИИМдин тергөө кызматына же 0312266405, 0709114574, 102 телефондоруна кайрылыңыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция тарабынан кеңири масштабдуу иликтөө иштери жүрүп, жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>