Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
ИИМ: Кундуз Жолдубаева камакка алдынды деген маалымат жалган
16.12.2019 | 19:43
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева камакка алдынды деген маалмат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
“Ал Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу 16-декабрда күбө катары суракка чакырылып, сурактан соң коё берилди”, – деп жазылат министрликтин маалматында.
Кундуз Жолдубаева буга чейин 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча бир нече жолу ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат