ИИМ: Кыргызстанда жалпы кылмыштуулук 48%га азайды

04.11.2022 | 17:05

Быйыл тогуз айда Кыргызстанда жалпы кылмыштуулук 48%га азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылык 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га азайган. Ошондой эле, жол кырсыктардын саны 8%га кыскарып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5%га азайган.

“Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай алдын алууга үлгүрдүк. Бул көрсөткүчтөрдү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжалары деп айтсак болот. Андан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы профилактикалык иштерин күчөтүү үчүн Ички иштер министрлигинде зомбулуктарга каршы иш алып баруу боюнча бөлүм ачканбыз. Пропаганда иштерин уюштуруунун жыйынтыгында, үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары 13%, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15%га азайган”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top