Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга 10-июнга чейин документтерин тууралап алууга мүмкүнчүлүк берилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүргөн чет өлкөлүктөр да 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп алса болот.
«Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул дагы төлөнбөйт. Биздеги маалымат боюнча окууга деп келип, же турист катары келип ар кыл кызмат көрсөтүү иштерине (курьер, тикмечи, бычмачы, курулушчу ж.б) орношуп алган чет элдик жарандар бар. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Дал ошолорго документтерин тууралап алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Бул үчүн чет элдик жаран ИИМдин бөлүмдөрүнүн бирине кайрылып, өлкө аймагында кылмыш кылбаганы тууралуу справка алуусу керек. Бул справка менен Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылып, визаларды тууралап алса болот. Электрондук виза үчүн www.evisa.e-gov.kg. сайты иштеп жатат.
Ал эми жалпы чет өлкөлүк жарандар жүрүү режимине ылайык тийиштүү документ тариздөөсү зарыл (каттоо, виза ж.б.).
«10-июндан кийин рейддер жүрөт. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер депортация болот. Башкача айтканда өлкөдөн чыгарылат»,- деп эскертти ИИМ.
Мындан тышкары, ИИМ чет өлкөлүк жарандарды иштетип жүргөн ишкерлерге да кайрылып, жумушка алынган мигранттардын документтерине көңүл буруу керек экендигин билдирди.
Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерге кайрылуу керек:
• Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: 0999 312 002 (24/7), 0312 66 30 70, 0703 42 88 65,;
• Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги: 0312 66 39 64, 0509 99 97 79;
• Ички иштер министрлиги: 0312 26 61 70, 0702 82 80 28, 0700 84 84 40;
• «Кызмат» МИ (каттоо боюнча суроолор): 0312 38 00 98, 0999 38 00 25, 119.