Республика боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти», — деп жазылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.