ИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалды

Ички иштер министрлиги журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга айыпталып кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматында, «Facebook» соцтармагында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган. Ыкчам-издөөнүн натыйжасында аталган аккаунттун колдонуучусу А.А. аттуу журналист экендиги такталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
10-мартта журналисттин жашаган жеринде тинтүү иши жүргүзүлгөн. Ошондой эле жарыяланган билдирүүлөр боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. 11-мартта журналист Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.