Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Алиевди «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Илхам Алиев Бишкекте 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат. Ага аталган уюмга кирген жана байкоочу өлкөлөрдүн башчылары келет.