ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Илим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалды
25.12.2025 | 10:21

Гульзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар
министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эми Исаматованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
42 жаштагы Гульзат Исаматова буга чейин Кусеин Карасаев атындагы БМУнун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору болуп иштеген.
Эске салсак, мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мамлекеттик кызматчылардын этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат