Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камакка алынды

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камакка алынды

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 19-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Карабаевдин бөгөт чарасы 3-июлда Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны тергөө аяктаганча 19-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин ал 48 саатка камакка алынган. Атайын кызматы ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эскерте кетсек, буга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМКнын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле атайын кызмат Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>