«Илияздын ырынын» автору, полковник Жолдошбек Бузурманкулов дүйнө салды

«Илияздын ырынын» автору, полковник Жолдошбек Бузурманкулов дүйнө салды

Акын, журналист, милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ички иштер министрлиги  терең кайгыруу менен кабалады.

Жолдошбек  Бузурманкулов 1947-жылдын 2-октябрында Талас районундагы Кең –Сай айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин жана  СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебин аяктап 1991-жылга чейин ички иштер бөлүмдөрүнедө эмгектенген.

1991-жылы ИИМдин  “Бетме Бет” газетасында редактордун орун басары, 1993-жылдан 2004-жылга чейин ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан .   Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.                                                                         

Ал көптөгөн чыгарчылык сынактардын жеңүүчүсү, журналист, котормочу, бир нече китептин автору болгон. Эмгек жолунун 36  жылын милицияга арнаган. 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Илиястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» сыяктуу ондогон обондуу ырлардын сөзүн жазган.

ИИМдин жетекчилиги жана өздүк курамы, ардагерлер кеңеши, генералдар клубу Жолдошбек Бузурманкуловдун  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>