Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
IPhO 2025: Кыргызстандык окуучулар эл аралык физика олимпиадасында эки коло медаль жеңишти
25.07.2025 | 14:19

Кыргызстандык окуучулар Франциянын борбору Парижде өткөн Эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2025) эки коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 17-25-июль күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн 94 өлкөсүнөн келген 400дөн ашуун окуучу катышты.
Агартуу министрлиги аталган олимпиада мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу илимий сынактардын бири болуп саналарын, ал эми катышуучулардын баары улуттук тандоодон өткөн, күчтүү даярдык көргөн мыкты жаш физиктер экенин билдирди.
Кыргызстандан олимпиадага 5 окуучудан турган команда катышып, эки окуучу кол медаль тагынып, дагы эки окуучу Ардак грамота алды. Алар:
- Абдиев Аскар – коло медаль, профессор А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу;
- Анаралы уулу Эмир – коло медаль, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу;
- Эмилбеков Айтегин – Ардак грамота, Газпром мектебинин 10-классынын окуучусу;
- Бектур Баратали — Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектебинин окуучусу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар