Ирандын жаңы жогорку лидери шайланды. Ал маркум Али Хаменеинин уулу

Бүгүн, 9-мартта, Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиктери Можтаба Хаменеини өлкөнүн жаңы жогорку лидери деп жарыялашты. Ал өткөн аптада АКШ жана Израилдин авиасоккуларынын натыйжасында каза болгон мурдагы жогорку лидер Али Хаменеинин уулу.
BBC’нин маалыматында, мындай чечимди 88 мүчөдөн турган диний орган, Эксперттер ассамблеясы, кабыл алган. Мамлекеттик телеканал аркылуу айтылган билдирүүдө чечим аймактагы курч аскердик кырдаалга карабастан кабыл алынганы белгиленген.
Жаңы лидер 56 жашта (1969-жылы туулган). Ал буга чейин мамлекеттик расмий кызматтарды ээлеген эмес жана коомчулукка ачык чыкпаган саясатчы катары белгилүү. Ошого карабастан, эксперттер аны атасынын тушунда эле башкаруу тутумуна таасир эткен негизги адамдардын бири катары мүнөздөп келишкен. 2019-жылы ал АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген.
Жаңы лидерди жарыялоо учурунда Тегеран жана Караджа шаарларында өрттөр катталып, аскердик кагылышуулар уланууда. АКШ менен Израилдин Иранга, ошондой эле Израилдин Ливандагы «Хезболла» тобуна каршы чабуулдары токтогон жок. Ирандын БУУдагы элчиси Амир Саид Ираванинин маалыматы боюнча, акыркы аскердик аракеттердин натыйжасында Иранда 1332 жай тургун каза болуп, миңдеген адам жаракат алган.