Исаковдун “Мерседеси”, Көлбаев менен байланыш. Анвар Маметовдун иши токтотулду

23.07.2024 | 11:49

«Айчүрөк» соода түйүнүн ээси Анвар Маметовго карата кылмыш иши токтоду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта анын уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жоктугу далилденгени айтылат.

Белгилей кетсек, Анвар Маметов (Габбазов – мурдагы фамилиясы) кылмыштуу топту каржылоого айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Анда УКМК «Айчүрөктүн» ээсин маркум Камчы Көлбаев менен байланыштырган. Ал кримтөбөлгө брондолгон «Мерседес-Бенц 222″ унаасын бергендиги айтылган.

Ал унааны Камчы Көлбаев  2020-жылы октябрда экс-премьер-министр Сапар Исаковго тартуулап, аткаминер аны менен аянттан качкан.

Анвар Маметовдун Казакстандын экс-президентти Нурсултан Назарбаевдин агасы Болот Назарбаевдин чөйрөсүндөгү кишилер менен мамилеси тууралуу дагы айтылып келет.

2004-жылы Бишкекте анын атасы Илшат Габбазов атып өлтүрүлгөн. Бир тууганы Рустам Габбазовду дагы криминалдык чөйрө менен байланыштырышат.

https://reporter.kg/ajchyrok-sooda-borborunun-zhetekchisi-karmaldy/

Scroll to Top