«Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазов издөөгө алынды

«Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазов издөөгө алынды

«Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазов эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол менен тапкан мүлкүн легалдаштыруу жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча кылмыш иши козголуп, сыртынан айып тагылган. Ал Көлбаевдин тобундагы адамдарга каржылык колдоо көрсөтүп, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Габбазов өзүнүн жардамчысы Мурат Рамонов (грек-рим күрөшү боюнча балбан) аркылуу Көлбаевге «Мерседес-Бенц 222″ брондолгон унаасын белекке берген. Унаа Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында Сапар Исаков жана айрым саясатчылар аталган унаада отурганда унаага ок тийген», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматы боюнча, Көлбаеав менен Габбазов башка кызыкчылыгы бир адамдар менен бирге Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 млн доллар болгон мурдагы «ЗИЛ» пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкан.

«Андан тышкары, А.Габбазов менен К.Асанбектин (Көлбаевдин) ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, А.Габбазов Бишкектин кымбат райондорунун биринде жайгашкан, мурда К.Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Каганат» эс алуу борборунан коттедж сатып алган. Учурда А.Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, — деп билдирет УКМК.

УКМК Анвар Габбазовдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдарды 0312 66-04-75, 0312 66-65-04 номерлери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

2020-жылы Атамбаев Көлбаевдин адамдары Сапар Исаковго белек кылган унаа менен аянттан качкан

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>