Кыргызстанда «Исхак Раззаков» орденин түзүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Миргүл Темирбаева даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Бул орден Исхак Раззаковдун атын түбөлүк калтыруу максатында түзүлүүдө. Ал мамлекетке ак ниет кызмат кылган, таза иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, кыргыз индустриясынын өнүгүүсүнө салым кошкон жарандарга тапшырылат.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын баатыры Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районунун (азыркы Баткен облусуна караштуу) Коросон айылында туулган. Ал 1945-1961-жылдары согуштан кийинки оор мезгилде өлкөнү башкарган. Исхак Раззаков Кыргызстандын экономикасын, илимин, өнөр жайын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.