Ишкерлерди опузалап жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды

Ишкерлерди опузалап жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды

Ишкерлерди коркутуу менен опузалап акча талап кылгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкерлик менен алектенгендерди коркутуп, алардан акча каражатын чогулткан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ишкерлерди өз карамагына алып, акча төлөтүү максатында коркутушкан. Кылмышкерлердин талабына макул болбогон ишкерлерди адамдар жок жерлерге алып барып, акча каражатын талап кылуу менен коркутуп, сабашкан.

Апрелде Жалал-Абад шаарында үч адам 29 жаштагы жаранды автоунаага күч колдонуп отургузуп, адамдар жок жерге алып барган соң сабап, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.

Аталган факты боюнча иш козголуп, Тергөө кызматы тарабынан 266-берене (Бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Натыйжада 16-апрелде Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун биринен кылмышка тиешеси бар 29 жаштагы Сузак районунун тургуну А.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Алардын ишкерлерди коркутуу, опузалап талап кылуу жана кол салуу боюнча башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилип, иликтөө иштери жүрүүдө”, — деп кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>