Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ислам оюндары: Үзүр Жузупбеков күмүш медалга ээ болду
12.08.2022 | 23:56
Кыргызстандык Үзүр Жузупбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күмүш медаль тагынды.
Ал 12-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Жузупбеков 1/8 финалдан баштап, катары менен 3 жеңишке жетип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште кыргызстандыктын атаандашы өзбекстандык Рустам Ассакалов болду. Таймашта Өзбекстандын балбаны жеңип, жеңүүчү аталса, Жузупбеков күмүш байгени илди.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Түркиядагы оюндарда тогузунчу медаль болду – 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло.
Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган болчу.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт