Июнь айында Ооганстандын темир жолдору аркылуу 312 миң тоннадан ашык жүк ташылган

Июнь айында Ооганстандын темир жолдору аркылуу 312 миң тоннадан ашык жүк ташылган

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башынан бери Ооганстандын темир жол каттамдары аркылуу 312 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Бул тууралуу «Караван-инфо» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, экспорттун негизги бөлүгүн айыл чарба продукциясы жана кайра иштетилген азык-түлүктөр: кургатылган жемиштер, ширелер түзгөн.

Жүктөр көп өткөрүлгөн тилкелер:

  • Өзбекстан менен чектешкен чек ара бекети аркылуу: 242 миң тоннанын тегереги;
  • Түркмөнстан менен чектешкен өткөрмө бекеттери аркылуу (Торгунди жана Акина): 45 миң тоннанын тегереги.

Ал эми Ооганстандын өзүнө 4,9 миң тонна тегерегиндеги коммерциялык товарлар киргизилген.

«Жыл башынан бери түндүк темир жол багыттары аркылуу афган жеткирүүчүлөр тарабынан 1,4 миллион тоннадан ашык жүк өткөрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>