Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Июнь айында Кыргызстанга чет жактардан 295 млндон ашык доллар которулган
12.08.2025 | 17:42

Үстүбүздөгү жылдын жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы суммасы 295,1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, негизинен которуулар КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпы 278,2 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 16,9 млн доллар которулган.
Ал эми Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү июнь айынын аягына карата 34,5 млн долларды түзгөн. Анын 32,4 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 2,1 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Улуттук банк