Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Кайрат Жумабек уулу изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын 30 жаштагы тургуну Кайрат Жумабек уулу 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында үйүнөн “Тойота Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар.
Кайда жүргөндүгүн билгендер 0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 телефон номурлары аркылуу маалымдап коюсун жакындары, укку коргоо органдары өтүнөт.