ABC News телеканалынын маалыматына ылайык, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини жок кылуу ыктымалдыгын четке каккан жок. Анын айтымында, мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтпөстөн, тескерисинче, чыр-чатакка чекит коюшу мүмкүн.
“Эгерде биз Ирандын жогорку деңгээлдеги жетекчилерине чара көрсөк, бул согушту күчөтпөйт, бул аны токтотот”, — деп билдирген Нетаньяху.
Бул билдирүү аймактагы кырдаалдын мындан ары да курчушуна себеп болушу мүмкүн деген кооптонууларды жаратты. Азырынча Иран тарап расмий жооп кайтара элек.