Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк-бөрү боюнча мелдеште Баткен облусунун командасы Ош шаарынын курамасын 6:5 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, Көк-бөрү оюнунун экинчи күнүнө 3 беттеш белгиленген. Эрте менен Талас командасы Нарын облусун 12:2 эсеби менен жеңип алган. Андан кийин Ысык-Көл облусу менен Жалал-Абад облусунунун улакчылары беттешип, Жалал-Абад курамасы 9:2 эсеби менен жеңилген.
Көк-бөрү боюнча мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда катышууда.
Командалар чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.
«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;
«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;
«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары
Айта кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарын 16-сентябрда башталган. Ал 21-сентябрга чейин уланат.
Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу