Көлбаев УКМКнын тергөө абагында калат

Көлбаев УКМКнын тергөө абагында калат

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калат.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, кримтөбөлдүн жактоочусу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жазган арызын кайтарып алган.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөө бүткөнгө чейин аны УКМКнын тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Бирок Көлбаевдин жактоочулары аталган чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна арыз менен каррылып, отурум эки жолу жылдырылган.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>