Качан кар түшөт? Бир жумага карата аба ырайы

Качан кар түшөт? Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги 9-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы нормадан бир градус төмөн болсо, жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Чүй облусунда

4-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-ноябрда түнкүсүн айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында 

4-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

6-ноябрда жана 7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда күндүз жана 8-9-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас облусунда

4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жамгыр, тоо этектеринде жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн айрым аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош облусунда

4-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

6-ноябрда айрым аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-ноябрларда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жалал-Абад облусунда

4-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Баткен облусунда

4-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

5-6-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда

4-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-ноябрларда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда

4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

6-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-ноябрларда айрым райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

10-11-ноябрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

10-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.

11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>