Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
«Качкын» тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалга катышат
24.02.2025 | 09:20
Кыргызстандык «Качкын» тасмасы Бангалордогу (Индия) эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Кинофестиваль 1-8-март күндөрү өтөт.
Тасманы режиссер Дастан Жапар Рыскелди тарткан. Ал «Атанын керээзи», «Акыркы көч» тасмалары менен таанымал.
Белгилей кетсек, «Качкын» тасмасынын эл аралык бет ачары 2024-жылы октябрда Бусандагы (Корея) эл аралык кинофестивалда болгон.
Жакында эле бул тасма Везулдагы (Франция) Азия тасмаларынын эл аралык фестивалында үч сыйлыкка татыды: калыстар тобунун атайын сыйлыгы; адам сатуу маселеси чагылдырылганы үчүн берилген “Марк Хааз” сыйлыгы; “Гиме” атындагы улуттук Азия искусствосу музейинин башкы сыйлыгы жана айкелчеси.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом