Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түн быйыл 17-апрелден 18-апрелге караган түнгө туура келет.

Буга чейин муфтияттан кабарлашкандай, мындай чечимди Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешип кабыл алышкан.

Муфтият кадыр түндү ыйыктыгына ылайыктуу түрдө маанилүү өткөрүүгө жардам берер деген ниет менен бир нече нерсени кеңеш берет:

  1. Бул түнү Аллах Таала үчүн ибадат кылуу керек. Жаратканга кулдук кылуу сезимин өнүктүрүү керек.
  2. Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү зарыл. Курани Каримге болгон сүйүү менен жакын ымала күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.
  3. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават, саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үмөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү берилгендикти ого бетер күчөтүү.
  4. Үгүт насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапарлык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.
  5. Бул түндүн маани маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жанылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчилдиктерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым-катышты, достукту, ынтымак-ырашкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
  6. Тообо, истигфар кылынууга тийиш. Олуттуу түрдө өзүн-өзү текшерип, каталыктардан кайтууга кайраттануу керек. Жакшылыкка жол тартуу багытында бекем ишеним тургузуу тийиш.
  1. Зикир тасбихтерди айтып, ой жүгүртүү зарыл. Себеби Аллах Тааланы эстөө аркылуу жүрөктөр бейпилдикте болот. Аллах Тааланын чексиз күч-кудурети менен жоктон жараткан бул ааламдын терең сырлары жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу дилдеги ыйман күч алат.
  2. Дуба-тилектерди көп кылуу керек. Анткени дуба адамды Жараткан Аллах Таалага жакындаштырган эң жакшы себеп болуп саналат.

Айша (Р.А.) Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) мындай деп сурады: «Эй Алланын элчиси! Эгер мага кадыр кечеси билинип калса эмне деп дуба кылайын?» Пайгамбарыбыз айткан:

«Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаъфу анни»

(Аллахым! Сен кечиримдүүсүн, кечиргенди сүйөсұн, мени да кечире көр).

  1. Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чон сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жаркыны мусулмандардын жүрөгүндө терең сезилет.
  2. Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөө керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөшүн, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагы үчүн жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуу керек.

Муфтият Кадыр түн качан болорун айтты

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>