13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайтКлара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдө
Муфтият Кадыр түн качан болорун айтты
23.03.2023 | 15:16
Кадыр түн быйыл 17-апрелден 18-апрелге караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Мындай чечимди Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешип кабыл алышкан.
«Орозо айы 23-мартта башталып, 21-апрелде аяктайт. Ал 30 күнгө созулат. 22-апрель — Орозо айт. 17-апрелден 18-апрелге караган түн — Кадыр түн», — деп айтылат маалыматта.
Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом