Кафе жана ресторандарда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынгандыктан Бишкекте өзү алып кетүүгө арзандатуу киргизилет
КР Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында «HoReCa club» Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларынын ээлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматтын басма сөз бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун башкы жыйынтыгы рестораторлордун даяр тамактарды өзү алып кетүү (самовывоз) аркылуу буйрутма бергендерге 10% өлчөмүндө арзандатуу киргизүү чечими болду.
Талкууга 2026-жылдын 1-январында күчүнө кирген коомдук тамактануу жайларынын ишинин эрежелериндеги өзгөрүүлөр себеп болду. Жаңы ченемдерге ылайык, жайларга чекте (эсеп-дүмүрчөктө) тейлөө, стол жасалгалоо же тамак берүү үчүн акыны өзүнчө сап менен көрсөтүүгө тыюу салынган — бардык чыгымдар менюда көрсөтүлгөн баага алдын ала кошулушу керек.
Мониторингдин жүрүшүндө Монополияга каршы кызмат январда бир катар кафе жана ресторандарда баалар 15%дан ашык өскөнүн каттаган. Бизнес өкүлдөрү муну жаңы эрежелер менен гана эмес, ижарага, азык-түлүккө, күйүүчү-майлоочу майга (КММ) жана кызматкерлердин айлыгына кеткен чыгымдардын өсүшү менен да байланыштырышты.
Эске салсак, буга чейин Reporter.kg «ала кетүү» (на вынос) буйрутмаларына карата адилетсиз баа түзүү маселесин көтөргөн. Тейлөө жыйымын (мурда 10–15%ды түзгөн) түздөн-түз тамактын баасына кошкондон кийин, сатып алуучулар иш жүзүндө өзү алып кеткен учурда деле официанттардын кызматы үчүн ашыкча төлөп башташкан. Бул кардар тамакты өзү алып кетүү менен үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыктан, жайлардын мындай буйрутмалардан түшкөн пайдасынын (маржасынын) негизсиз өсүшүнө алып келген.
Мекеме сектордогу кырдаалды турукташтыруу механизмдерин иштеп чыгууну «HoReCa club» менен биргеликте улантарын баса белгиледи. Борбор калаадагы жайларда «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын сакталышына көзөмөл күчөтүлөт.