Кафеден 80 миң сом уурдаган адам видеого түшүп калган. Шектүү кармалды

09.01.2024 | 14:50

Бишкекте кафелердин биринен акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 23-октябрга караган түнү болжол менен саат 00:30да белгисиз адам Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафенин кассасынан 80 миң сом уурдап кеткен. Бул боюнча кафенин ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы О.Т. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Scroll to Top