Кайсы күндөрү жаан жаайт? 30-апрелге чейинки аба ырайы

Кайсы күндөрү жаан жаайт? 30-апрелге чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 30-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

25-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаары

25-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-апрелде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

28-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Жалал-Абад облусу

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

26-апрелде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

27-30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

27-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

25-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 25-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-27-апрелдерде айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>