Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын сатып алууну эмнеге токтотту? Жооп

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын сатып алууну эмнеге токтотту? Жооп

Орусия эмне үчүн Кыргызстандын сүт продукцияларын сатып алууну токтотту? Мындай суроону бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев берди.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, Кыргызстанга Орусия тараптан келишип, сүт чыгарган мекемелерге инспекция жүргүзүп кетишкен.

“Орусияга болгон сүт азыктарынын экспортунун көлөмү өсүп кеткендиктен, алар Кыргызстанга келип, сүт чыгарган мекемелерди текшеришкен. Анткени алар өзүңөр чыгарган сүттү жиберип жатасыңарбы же башка жактан дагы алып жатасыңарбы деп, Кыргызстанга келип, текшерүү жүргүзүштү. Менин билишимче алар Ветеринардык кызматтарга сертификат бербей туруу боюнча кайрылуу жасашты. Эми чогуу иликтөө жүргүзүшөт”, — деди Назарбек Малаев.

Балбак Түлөбаев белгилегендей, кыргызстандык сүт өндүрүүчүлөр кемчилик кетирип жатышат. Себеби, алар сүт продукцияларын Орусияга экспорттоо боюнча лицензия алганда, завод канча сүт чыгара турганын дагы көрсөтүшкөн. Бирок, алар өздөрүнүкүн гана эмес, башка аймактардан дагы сүт азыктарын чогултуп, экспорттун көлөмүн көбөйтүп жатышат. Мындан улам Орусия тарапта шектенүүлөр пайда болгондуктан, алар текшерүүгө келишип, сүт продукцияларын экспорттоону  токтотушкан.

Белгилей кетсек, 21-апрелден тарта Орусия Кыргызстандын сүттөн жасалган продукциясын сатып алууну токтоткон.

Россельхознадзор маалымдагандай, 10-16-апрелде аталган мекеме Кыргызстандагы сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды текшерип, сүт алынган пункттарга барган. Текшерүүдөн кийин Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү мекемеси Россияга экспорттолуучу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин начар жүргүзүүдө, сүт азыктарынын өндүрүлүшү тиешелүү талаптарга жооп бербейт деген бүтүмгө келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>