Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Ленин райондук бийлиги Бишкектеги көмүр саткан базаларды кыдырып, бааларын сурап чыгышты. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мурманск көчөсүндөгү, Ак-Жол, Торг-Синтез, Береке жана Беш Сары базаларына барышкан. Көмүр саткандардын ээлери менен 4500 сомдон өйдө бааларын көтөрбө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүштү.