Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат
Калмаматовду сот залынан алып чыккан унаа аялдын бутун тебелеп кетти – видео
24.12.2021 | 14:47
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматовду соттон алып чыккан унаа анын тарапташынын бутун тебелеп кетти. Видеону блогер Адилет Балтабай жарыялады.
Эске салсак, Калмаматов Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Чечим бүгүн, 24-декабрда кабыл алынды.
Саясатчынын тарапташтары соттун чечимин угуп, Калмаматовду алып кетип бараткан унаанын алдын тороп чыгышты. Натыйжада тарапташтарынын биринин бутун (аял) унаа тебелеп кетти.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом